super.kg logo

Жалал-Абадда "Коопсуздук - 2025" форуму болуп өттү

 
Жалал-Абад шаарында Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте уюштурулган "Коопсуздук - 2025" аттуу форум болуп өттү. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов, Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Марлис Асанов, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана жаштар катышты.
Форум коомдук коопсуздук, укук бузуулардын алдын алуу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана туризмди өнүктүрүү маселелерин талкуулай турган аянтча болуп берди. Айрыкча, укуктук маданиятты калыптандырууга жана жарандардын укуктарын урматтоого өзгөчө көңүл бурулду.
Форумдун максаты - эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоого жарандарды кеңири тартуу. Бул мыйзамдарды сактоону, айлана-чөйрөнү коргоону жана өлкөнүн өнүгүүсүнө активдүү катышууну камтыйт. Жакынкы келечектеги артыкчылыктуу багыт катары коопсуз туризмди өнүктүрүү тапшырмасы коюлду.
ИИМ кызматкерлери укук бузуулардын, мыйзамсыз миграциянын жана экстремизмдин алдын алуу боюнча видео тасмаларын тартуулашты. Куралдуу түзүмдөрдүн жоокерлери атайын көрсөтмө программаларды аткарышты. Ошондой эле балдар үчүн спорттук оюндар жана интерактивдүү аянтчалар уюштурулду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: