Бишкекке Кытайга экспорттолуучу азыктарды сактоо лабораториясы курулат



Пекин шаарында Кыргызстандын азык түлүк продукцияларын Кытайга экспорттоо максатында Бишкекке курулуучу лабораторияны ишке ашыруу максатында протоколго кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.
Жыйындын протоколуна, кыргыз тараптан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, ал эми кытай тараптан Кытайдын эл аралык өнүктүрүү боюнча кызматташтык агенттигинин директорунун орун басары Ху Чжанлян кол койду.
Белгилей кетсек, 2017-жылдагы Кытай өкмөтү Кыргызстанда өсүмдүктөрдүн карантиндик зыяндуу организмдерин жана тамак-аш азыктарын текшерген лабораторияны куруу долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн өзүнө алган. Кытайдын инженердик жана долбоорлоо академиясынын долбоордук топтору 2017-2018-2024-жылдары Кыргызстанда тиешелүү изилдөө иштерин жүргүзүп кеткен.
Долбоор жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү, улуттук стандарттарды жана Кыргызстандын мыйзамдарын эске алуу менен Кытайдын техникалык стандарттарынын жана долбоорлоо жана курулуш ченемдеринин негизинде ишке ашырылат.


