
Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 68 килограммга чейинки салмакта Гүлнур Таштанбекова жана 72 килограмм салмак ченинде килем үстүнө чыккан Кайыркуль Шаршебаева финалга чыгып, Азия чемпиону наамы үчүн күрөшөт. Алардын атаандаштары — Кытайдан Венжин Кью жана Индиядан Харшита.
Мындан сырткары, төрт спортчу коло медаль үчүн таймашка чыгат:
Азиза Шумкарова (55 килограммга чейин) — Юна Саватани (Япония) менен;
Айдай Нурудинова (59 килограммга чейин) — Эрденеболор Лкхагвасурен (Монголия) менен;
Асель Жапарова (65 килограммга чейин) — Аяна Хишинума (Япония) менен;
Айжаркын Жаныбекова (76 килограммга чейин) — Сайхан Ао (Кытай) менен.