Ошто жаш кызга карата туура эмес мамиле жасаган агайга чара көрүлдү

Социалдык желеде жаш кызга ыдык көрсөттү делген видео тарап, талкуу жаратууда.
Маалым болгондой, милицияга жабырлануучу тараптан арыз түшүп, текшерүү иштери башталды.
Милиция Оштогу жогорку окуу жайлардын биринде мугалим болуп иштеген 1972-жылы туулган С.К. аттуу жаранды аныктап, ага карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен протокол түзүлдү. Ага карата 5500 сом өлчөмүндө айып салынды.
Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө анын жүрүм-турумун катуу көзөмөлгө алып туруу тапшырмасы коюлду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.