Баракелде! Гүлнура Таштанбекова Азия чемпиондугунда алтын тагынды
Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда кыргызстандык Гүлнура Таштанбекова алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалды.
68 килограммга чейинки салмак ченинде ал Япония менен Кореянын өкүлдөрүнөн күчтүү болду. Финалда ал кытайлык спортчуну 12:8 эсебинде утуп алды.
72 килограммга чейинки салмак ченинде дагы бир кыргызстандык Кайыркүл Шаршебаева чечүүчү беттеште индиялык атаандашына утулуп, экинчи орунду ээледи. Ага чейин ал Кытай менен Япониянын спортчуларын утуп алды.
Ал эми 55 килограммга чейинки салмактагы Азиза Шумкарова менен 76 килограммга чейинки салмактагы Айжаркын Жаныбекова коло медалга ээ болушту.
12.07.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.