Ташкентте көзөмөлсүз калган эки бала бассейнге чөгүп каза болду
Ташкентте жеке үйдүн короосунда жайгашкан бассейнде 7 жаш бала кырсыкка учурады. Бул тууралуу Podrobno.uz сайты билдирди.
Маалым болгондой, каргашалуу окуя чоңдордун көзөмөлү жок учурунда катталды. Экөө жеринде каза болуп, бешөө оор абалда ооруканага жеткирилди.
Балдар реаниматологу Алишер Мустакимовдун айтымында, алардын айрымдары бир нече күндүн ичинде эсине келди. Ал эми дагы экөөнүн жашоосу үчүн дарыгерлер күрөштү улантышууда.
"2-5 жаштагы балдардын координациясы жетишерлик деңгээлде өнүгө элек. Алар сууда тең салмактуулугун жоготуп, стресс абалында болуп, башын көтөрүүнү түшүнбөй калышы мүмкүн. Эгер ушул маалда суу менен дем алса түз өпкөсүнө кирип, кеч болуп калышы ыктымал", - деген дарыгер.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:05
2025-07-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.