Өзбекстан чет өлкөдөн кайтып келген жарандарын медициналык кароодон өткөрүүнү пландоодо
Өзбек бийлиги үч айдан ашык чет өлкөдө жүргөн жарандарды милдеттүү түрдө медициналык кароодон өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын жетекчисинин орун басары Муродбек Махмудов жергиликтүү басылмалардын бирине билдирди.
Анын айтымында, милдеттүү текшерүү процедурасынын жоктугу жугуштуу ооруларды өз убагында аныктоону кыйындатып, өлкө ичинде жайылуу коркунучун жаратууда. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Чек ара кызматынын, "Махалла" бирикмесинин, Ички иштер министрлигинин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат тутумдарын интеграциялоо пландалууда. Бул жарандарды чек арадан өтүүдө эсепке алып, ыкчам экспертизага жөнөтүүгө жана бирдиктүү эсеп жүргүзүүгө шарт түзөт.
Ошондой эле 8-июлда президент менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында эрте никеге тургандарга жазаны катаалдаштырууну караган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилгенин билдирди. Анын айтымында, буга чейин Башкы прокуратура менен Юстиция министрлигинин маалыматтык системалары интеграцияланган, бул эрте төрөт фактыларын ыкчам аныктоого жана аларды жашырууга жол бербөөгө мүмкүндүк берген.
