Аламүдүндүн акими районду текшерүү үчүн велосипед менен чыкты (видео)
Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими Азамат Эргешов айыл өкмөт башчылары жана тийиштүү кызматтын жетекчилери менен биргеликте велосипед менен көчмө жыйын өткөрдү.
Анда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аймактагы тазалыкты текшеришип, аким жеринде тапшырмаларды берди. Короо жайларды иретке келтирүү боюнча түшүндүрүү ишери жүргүзүшү керектигин эскертип, жол жээгинде бош турган аймактарга долбоор жасап, гүлдөтүү керектиги айтылды.
Эскерте кетсек, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев бийлик өкүлдөрүн иш бөлмөсүндө отурбай, эл менен иштешүүгө чакырган.
13.07.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

