super.kg logo

Парижде жаңы мамлекетти түзүү жөнүндө келишимге кол коюлду

 

Жаңы Каледония мамлекетин түзүү боюнча келишимге Париждин четиндеги Бугивалда кол коюлду. Бул тууралуу сүйлөшүүлөрдүн катышуучуларына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жзышууда.

Документке океандын ары жагындагы территориянын келечеги боюнча мурда карама-каршы позицияларды ээлеп келген ар түрдүү саясий кыймылдардын өкүлдөү кол коюшту. Франциянын президенти Эммануэль Макрон X социалдык тармагында Жаңы Каледониянын институционалдык түзүмү боюнча “тарыхый” келишимге жетишилгенин тастыктады. Анын айтымында, шайланган өкүлдөрдүн катышуусунда сүйлөшүүлөр он күнгө созулду.

Франциянын премьер-министри Франсуа Байру документке кол коюуну кубаттады жана келишимде жоболору Франциянын Конституциясында бекемделе турган "уникалдуу уюмду" түзүү каралгандыгын билдирди.

"Кеп Францияга жарым-жартылай көз каранды болгон жаңы мамлекетти түзүү жөнүндө болуп жатат. Жаңы Каледониянын жашоочулары өзүнчө жарандык алып, эки паспортко ээ болот деп болжолдонууда. Жаңы мамлекетке өзүнүн эл аралык саясатын жүргүзүүгө укук берилиши мүмкүн. Документ күчүнө кирүү алдында француз парламенти тарабынан жактырылып, Жаңы Каледонияда референдумга коюлушу керек", - деп кошумчаланды маалыматта.

2024-жылдын май айында Жаңы Каледонияда архипелагдын аймагында жашаган француз жарандарынын шайлоо укуктарын кеңейткен мыйзам долбооруна каршы ири нааразылык акциялары өткөн. Документке каршы чыккандар бул жергиликтүү калктын позициясын алсыратып, Париждин таасирин күчөтөт деп эсептешкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: