АКШнын Юстиция министрлиги мурда Трампка каршы иштеген кызматкерлерин кетирди

Кызматтан кеткендер прокурор Жек Смит менен эки негизги иш боюнча иштешкен. Алардын бири жашыруун документтерди сактоо, экинчиси 2020-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу аракети.
Булактардын айтымында, кызматкерлердин тизмесин Байдендин администрациясынын укук коргоо саясатын карап чыгуу үчүн түзүлгөн топ таап чыккан. Алар Трамптын инаугурациясынан кийин дайындалган башкы прокурор Пам Бонди тарабынан түзүлдү.
Кызматтан алынгандардын арасында мурда ФБРде жана прокуратурада коомчулук менен байланыш боюнча иштеген жетектөөчү адис Пэтти Хартман да бар. CBS телеканалына берген комментарийинде ал "мурда Ак үй менен Юстиция министрлигинин ортосунда так сызык бар болчу, азыр ал сызык жоголду" деген.
Юстиция министрлигин тазалоо Трамптын инаугурациясынан көп өтпөй Эд Мартин Вашингтонго башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп келгенден кийин башталган.
