"Челси" менен ПСЖ беттешинен кийин оюн талаасында мушташ чыкты (видео)
Кечээ, 13-июлда клубдар арасындагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттеши ПСЖ менен "Челси" ортосунда өттү.
АКШнын MetLife Stadium стадионунда өткөн оюн 3:0 эсебинде "Челсинин" пайдасына аяктады. Беттеш бүткөндөн кийин оюн талаасында мушташа чыкты. Ага футболчулар гана эмес, эки команданын машыктыруучулары да катышты. Париждиктердин башкы машыктыруучусу Луис Энрике футболчу Жоао Педронун түртүп жиберди.
Ал эми "Челсинин" машыктыруучусу Энцо Мареска өзүнүн оюнчуларын токтотууга аракет кылды.
14.07.25.
14.07.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:26
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.