25 жаштагы аялынын көзгө чөп салганын кечире албаган күйөөсү аны бычактап салды



Орусияда 25 жаштагы аялынын көзгө чөп салганын, алдаганын кечире албаган жаран жумушуна келип, бир нече жолу бычактап салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Каргашалуу окуядан бир жума мурун кыз 19 жаштагы дос баласын жакшы көрүп калганын айткан. Андан соң буюмдарын жыйып, жаңы сүйгөнү менен жашоого кеткен. Күйөөсү ажырашууга макул болуп, бирок эртеси аялынын жумушуна келип сүйлөшүүгө чакырып: "Бул жасаган катачылыгыңды кечирем, үйгө кайт" деген. Бирок кыз жаңы сүйлөшкөн баласын жакшы көрөрүн айтып, көнбөй койгон.
Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, күйөөсү аялына бир нече жолу бычак сайган. Ал окуя болгон жерден каза болгон.
Айыпталуучунун эжеси болгон окуяга анын жубайына болгон катуу сүйүүсү жана кызганыч себеп деп эсептейт.
