Трамп "Челсинин" оюнчуларына Дүйнө чемпиондугунун кубогун тапшырды (видео)



АКШнын президенти Дональд Трамп футбол боюнча клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышты.
Тарыхта биринчи жолу 32 команда ат салышкан турнир АКШда өттү. Кечээ, 13-июлдагы финалда англиялык "Челси" франциялык ПСЖны 3:0 эсебинде жеңип алды.
Трамп финалдык оюнду көрүп, сыйлык тапшыруу аземине катышты. Ак үйдүн башчысы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жетекчиси Жанни Инфантино менен биргеликте ПСЖнын өкүлдөрүн күмүш медалдар менен сыйлады.
Андан соң "Челсинин" оюнчулары, машыктыруучулары сыйлоо сахнасына чыгышты. Алар алтын медаль алышты. Андан кийин Трамп менен Инфантино аларга чемпиондук кубокту тапшырышты.
Трамп
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.