Кара-Суу шаарында Өзбекстандан өткөн 100 гектар жерге өндүрүш аймагы жана кичи шаарча курулат






Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев Кара-Суу районуна жумушчу сапар менен барып, Өзбекстандын аймагынан Кара-Суу шаарына өткөн 100 гектар жерди көрдү. Бул жерде келечекте өндүрүш аймагын жана кичи шаарчаны куруу пландалууда. Бул тууралуу президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.
Иш сапардын алкагында облус жетекчиси жер тилкесинин инвентаризациясы менен таанышып, бул аймакта курула турган өндүрүш аймагынын баштапкы долбоору жана Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан пландалып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн жайгашуучу аянты боюнча маалымат алды.
Жантаев аталган аймакка алып баруучу негизги жол, таза суу менен камсыздоо жана жалпы инфраструктура маселелерине өзгөчө токтолуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бул багытта ишти ыкчамдатууну тапшырды.
Белгилей кетсек, аталган долбоор Кара-Суу шаарынын өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, аймакта жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө өбөлгө болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.