super.kg logo
  Саясат  

Аскердик наам, класстык чиндерге тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү кирди

 
Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 5-декабрында кабыл алынган болчу.

Өзгөртүүлөр жана толуктоолор “Аскердик наамдарды, класстык чиндерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” сыяктуу бир катар мыйзамдарга киргизилип, төмөнкүлөрдү аныктайт:

- аскердик наамдарда, атайын класстык чиндерде жана атайын наамдарда болуу мөөнөттөрүн бирдей кылып, аскер кызматкерлери, прокуратура, ички иштер органдарынын, салык жана бажы кызматкерлери үчүн бирдиктүү мөөнөттөрдү аныктайт.

- Башкы прокурор, Салык кызматынын төрагасы, Бажы кызматынын төрагасы, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы, ички иштер министри, саясий же жогорку администрациялык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлегендерге кезектеги жогорку атайын класстык чиндерди, жогорку атайын наамдарды ыйгаруу үчүн кызмат өтөө мөөнөттөрү каралат.

Белгилей кетсек, мурда бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 20-июнунда кабыл алынып, 2013-жылдын 2-августунда президенттин каршы пикири менен макулдашылган варианты иштеп чыгуу үчүн артка кайтарылган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: