Элдик Банк – аялдардын укуктарына арналган дата-арт көргөзмөнүн өнөктөшү









Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Борбор Азиядагы “Тирек: Аялдын өмүр жиби” аттуу дата-арт көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү. Көргөзмө БУУнун-Аялдар түзүмү жана өнөктөштөр тарабынан «Ар бир аял жана кыз маанилүү» аттуу регионалдык программанын алкагында уюштурулду.
Элдик Банк бул долбоорду ишке ашырууну БУУнун-Аялдар түзүмү менен кол коюлган кызматташтык меморандумунун алкагында колдоду.
Көргөзмө визуалдык искусство менен гендердик маалыматтарды айкалыштырган уникалдуу маданий окуя болуп саналат. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандык сүрөтчүлөр жана сүрөтчү айымдар тарабынан даярдалган он төрт чыгарма аялдардын лидерлиги, көрүнбөгөн эмгек, экономикалык теңсиздик жана коомдук нормалардын басымы сыяктуу маанилүү темаларды камтыйт.
Элдик Банктын катышуусу – инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө жана туруктуу келечек үчүн маанилүү болгон маселелерди илгерилетүүгө кошкон салымы.
Көргөзмө 2025-жылдын 23-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде ачык болот. Келүүчүлөр үчүн кирүү акысыз.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы №033
