super.kg logo

Балыкчынын мэри кызматынан айрылышы мүмкүн экенин билдирди

 

Балыкчы шаарынын мэри Султан Кермалиев кызматтан алынышы мүмкүн экенин билдирди. Ал өзүнүн Instagram баракчасына WhatsApp тиркемеси аркылуу жазышкан каттарды жарыялады.

Андан мэр "бүгүн түштө мени кызматтан алышы мүмкүн" деп жазганын да көрүүгө болот.

Эске салсак, Кермалиев июль айынын башында Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалган. Ал кызматка киришкенден кийин жергиликтүү басылмалардын бирине берген маеги коомчулукта талкуу жараткан. Анда көпчүлүк анын мамлекеттик кызматкердин этикасын бузганын белгилешкен. Буга удаа президент Садыр Жапаров мэр Керималиев тууралуу пикирин билдирген.

Көп өтпөй Балыкчы шаарынын мэри жана мэриянын кызматкерлери үчүн мамлекеттик кызматтын ишин жакшыртуу, кызматтык этика жана коммуникация маселелери боюнча кеңешме өткөрүлгөнү да маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: