super.kg logo

"Мамилеси да өтө начар". Окурман Ош облустук балдар ооруканасындагы кезекке даттанды

 

Ош облустук балдар ооруканасында саат 9:20да чоң кезек жаралды. Мындай билдирүү окурман тарабынан порталыбыздын Элдик кабар бөлүмүнө келип түштү.

Окурман анда ооруканага келген адамдардын саны көп экенин белгилеп, медайымдардын мамилесине да нааразы болду.

"Алыстан багыттама менен келген бейтаптарды дагы мажбур талон менен гана кабыл алып жатышат. Медайымдардын мамилеси да өтө начар. Бул көйгөйдү кантип чечсе болот? Жооптуу жетекчилер көңүл бурушса жакшы болмок. Элдин убарасы, оорукчан балдардын убакыты текке кетип жатат",- деген кайрылууда окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






14.07.25

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: