super.kg logo

Өзгөндөгү борбордук стадиондун курулушу аяктап калды

 
Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев иш сапары менен Өзгөн районуна барып, бир катар социалдык жана инфраструктуралык объекттердин абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Сапардын алкагында облус жетекчиси Өзгөн шаарында курулуп жаткан борбордук стадиондун курулуш иштерин көрүп, курулуш компаниянын өкүлдөрүнөн долбоордун жүрүшү боюнча маалымат алды.
Анда белгиленгендей, учурда стадиондо футбол талаасынын жана эски тосмолордун демонтажы жүргүзүлүп, жаңы чуркоо жолдору, волейбол аянтчасы, ажатканалар, жуунуучу жайлар жана медициналык пункт курулууда. Көрүүчүлөр үчүн жаңы отургучтар орнотулуп, талаага түнкү жарыктандыруу жабдуулары орнотулууда. Стадиондун айланасы тосмолонуп, кошумча автоунаа жолу да салынды. Мындан тышкары, жалпы көлөмү 10 тоннаны түзгөн суу резервуарларынын курулушу толугу менен аяктаган.
Муну менен катар Элчибек Жантаев стадионго жанаша жайгашкан "Орто-Коргон" паркындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен да таанышып, бардык жумуштарды белгиленген мөөнөттө жана жогорку сапатта бүтүрүү боюнча жооптуу жетекчилерге тапшырмаларды берди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: