super.kg logo

MBANK — Кыргызстандагы ESG жана туруктуу өнүгүү боюнча мыкты банк деп табылды

 

20-июнда «Sustainable Finance: Борбор Азия өлкөлөрү» аттуу эл аралык конференция өтүп, анда туруктуу каржылоо жана ESG-принциптерин (экология, социалдык өнүгүү, башкаруу) ишке ашыруу маселелери каралды.

SME Banking Agency агенттигинин эксперттик баалоосунун жыйынтыгында MBANK Кыргызстандагы ESG тармагындагы мыкты банк деп табылып, жогорку жоопкерчилик деңгээлин жана ESG ыкмасын практикалык түрдө жүзөгө ашырууну көрсөтө алды.

MBANKтын Кыргызстанга үчүн экологиялык өнүгүүсүнө кошкон салымы

Калыстар тобу өзгөчө басым жасап белгилеген программа — бул «Жашыл туризм». Бул — Кыргызстанда туруктуу туризмди жана экологиялык практикаларды колдоо максатында иштелип чыккан MBANKтын демилгеси.

Программа туризм тармагындагы чакан жана орто бизнеске «жашыл» чечимдерди киргизүүгө, энергияны үнөмдөөгө жана айлана-чөйрөгө болгон таасирин азайтууга жардам берет.

Бул ESGнин экологиялык (Environmental) компонентинин жеткиликтүү каржылык өнүм түрүндө ишке ашырылып жаткан ачык мисалы.

«Жашыл туризм» программасы аркылуу каржылоого болуучу багыттар:

  • Имараттарды жылуулоо жана энергия сарптоону азайтуу;
  • Жылуулук жана желдетүү системаларын жаңылоо;
  • Энергия жана суу үнөмдөөчү жабдууларды орнотуу;
  • Кайра жаңылануучу энергия булактарына өтүү;
  • Таштандыларды иргөө жана кайра иштетүүчү жабдууларды сатып алуу.

Программа туризм тармагындагы жеке адамдарга, ишкерлерге жана юридикалык жактарга жеткиликтүү — мисалы, кафе, мейманкана же боз үй лагери үчүн.

ESG — Кыргызстан үчүн туруктуу өнүгүүнүн багыты

Глобалдык климаттык көйгөйлөр күчөп жаткан учурда жана «жашыл экономикага» болгон кызыгуу артып жаткан шартта, MBANK өзүнүн стратегиясына ESG ыкмасын интеграциялоо менен лидерликти көрсөтүүдө.

«Биз ишкерлердин маселелерин чечкен эле эмес, өлкөнү туруктуу келечекке багыттаган өнүмдөрдү түзүп жатабыз. Кыргызстан — кооз табияты бар, туризм багытында чоң потенциалы бар өлкө. “Жашыл туризм” — ишкерлерге ESG принциптерин сактап, өз долбоорлорун өнүктүрүүгө жана ошол эле учурда экономикалык өсүшкө жетүүгө шарт түзгөн мүмкүнчүлүк», — деп белгиледи Жолошов Жанболот, MBANKтын Маркетинг жана PR департаментинин директорунун орун басары.

MBANK ESG-инициативаларды өнүктүрүүнү улантып, бул тармактагы долбоорлорду колдоп, ар бир жаран үчүн туруктуу келечекти жеткиликтүү кылуу үчүн заманбап, жоопкерчиликтүү каржылык чечимдерди ишке ашырууну улантат.

MBANK — Биринчи санарип!
КРУБ №014 лицензиясы






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: