super.kg logo

Ош облустук балдар ооруканасынын жетекчиси кезек күтүүлөр боюнча түшүндүрмө берди 

 

Порталыбыздын Элдик кабар бөлүмүнө кайрылган окурман Ош облустук балдар ооруканасында кезек күтүүлөрдү айтып, нааразы болгон эле. Анда тургун ооруканага келген адамдардын саны көп экенин белгилеп, медайымдардын мамилесине да даттанган.

Ош облустук балдар ооруканасынын директору Жыргалбек Толоров учурда 540 орунга ылайыкташкан ооруканада, кабыл алуучу 6 бөлүм бар экенин айтат.

"Алар иш күндөрү (дүйшөмбү-ишемби) саат 8:00 – 16:00 чейин кеңеш берүү, дарт аныктоо, кыска мөөнөттүк бир күндүк көзөмөлдөө жана ымыркайлар патологиясы бөлүмдөрүндө. Ал эми 24 саат бою оор абалдагы, шашылыш, тез жардам менен кайрылган бейтаптарга кабыл алуу бөлүмүндө 2 педиатр, жандандыруу бөлүмүндө 2 реаниматолог, травмпунктта травматолог, хирургияда 2 хирург, операциялык блокто анестезиолог жана ЛОР дарыгери тарабынан жардам көрсөтүлөт.

Кеңеш берүү дарт аныктоо бөлүмүндө 14 адистердин: 3 невропатолог, 2 педиатр, гастроэнтеролог, ЛОР, аллерголог, офтальмолог, гематолог, эндокринолог, кардиолог, неонатолог тарабынан көрүлүп, клиникалык жана инструменталдык изилдөөлөр (ЯМРТ, санариптик рентген, УЗИ, Эхо, ЭКГ, КСВП, ЭЭГ, спирометрия, эндоскопия, аудиограмма, транспальпебралдык тонометр) жана ар тараптуу медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Бейтаптын абалына жараша амбулатордук түрдө кеңеш берилет, ал эми суткасына оор абалда, орточо 100 бейтап ооруканага жаткырылып, стационардык түрдө дарыланышат. Жалпы суткасына 1000дөн 1500ге чейин бейтап кайрылган учурлар кездешет",- деди ал.

Толоров кошумчалагандай, 3 каттоочу жай, 2 касса, 2 терминал иштейт.

"Пландуу түрдө жаткырылган бейтаптар, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан (ҮДТ) тийиштүү пакет текшерүүлөрдөн өтүп, жолдоо менен кабыл алынат. 6 жашка чейин балдарга стационардык дарылоо акысыз.

Регистратурада 3 каттоочу жай, 2 касса, 2 терминал иштейт. Эгерде жашаган жериндеги ҮДТда лабораториялык жана инструменталдык текшерүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болбосо, жолдомосуз кайрылган бейтаптар оорукананын кеңеш берүү, дарт аныктоо бөлүмүндө дарыгердин көрүүсү, лабораториялык изилдөөлөр жана функционалдык дарт тапма бөлүмүндөгү текшерүүлөрдү Мамлекеттик кепилдиктер программасында (ПГГ) көрсөтүлгөн прейскурантка ылайык, монополияга каршы кызматы тарабынан бекитилген баа менен төлөшөт. Мисалга, жолдомосу жок келген бейтаптар үчүн кеңеш берүү акысы 45 сомду түзөт. Ошондой эле, кеңеш алуу үчүн келген жарандардын көптүгүнөн дарыгерлер кабыл албай койбостон барына тийиштүү кызмат көрсөтүп, кеңеш берип, дары-дармек жазып беришет.

Кеңеш берүү, дарт аныктоо бөлүмү негизинен ооруканага жаткыруу үчүн кайрылган бейтаптарды текшерүүгө ылайыкташтырылган, бирок жергиликтүү анын ичинде түштүк регионунун 3 облусунун жарандары ҮДТ катары кабыл алышып келгендиктен кезек күтүү, кайрылуунун саны көп болуп келет.

2024-жылга чейин Кеңеш берүү, дарт аныктоо бөлүмүндө бир каттоо жайы бир касса иштеп келсе, 2024-жылы капиталдык оңдоп түздөө иштери жүргүзүлгөн соң 3 каттоо, 2 касса иштейт жана коридорлор кеңейтилип, бир рентген аппараты, функционалдык изилдөө бөлүмү өзүнчө бөлүнүп кошумча 15 канаага кеңейтилген. Кеңейтилген кабыл алуу бөлмөлөрү жана ыңгайлаштырылган күтүү зоналары наристелерге жана алардын ата-энелери үчүн жакшы шарт түзүү үчүн иш алып барууда.

Бирок бейтаптардын көпчүлүгү жашаган жерине кайрылбастан, түз эле бизге келгендиктен кайрылуулардын дээрлик 20-30 пайыз гана жолдомосу болот.

Дем алуу күндөрүнөн кийин, өзгөчө дүйшөмбү, шейшемби күндөрү кайрылуулар көп болгондуктан эрте мененки саат 9-10го чейин кезек жаралат, бирок талон берилген бейтаптарга тийиштүү деңгээлде кызмат көрсөтүлүп, саат 12-13төрдө коридорлор, кезектер жоюлат. Азыркы тапта саат 13:30га коридор, касса, каттоочу жайлар бош турат, кызматкерлер тарабынан келген бейтаптардын баарына медициналык кызмат көрсөтүүгө аракет кылабыз, жарандардын дагы түшүнүү менен кабыл алуусун өтүнөбүз",- деди оорукананын жетекчиси Толоров.






14.07.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: