"Кечинде баарын бомбалайт". Трамп Путинди сынга алды
АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар Украинага Patriot абадан коргонуу системин жөнөтө турганын билдирди. Ал жүктөрдү Европа Биримдиги төлөй турганын баса белгиледи.
Бул тууралуу Трамп бүгүн, 14-июлда Эндрюс аскер базасында журналисттер менен сүйлөшүү учурунда билдирди. Ак үй башчысы ошондой эле Орусия президенти Владимир Путинди сынга алды.
"Путин көп адамдарды таң калтырды. Ал жакшы сүйлөйт, анан кечинде баарын бомбалайт",- деди Трамп өз сөзүндө Украинанын абадан коргонуусун күчөтүү зарылдыгын комментарийлеп жатып.
Анын айтымында, Украина чындап эле Patriot абадан коргонуу системине муктаж, анткени Орусиянын чабуулдары олуттуу коркунуч бойдон калууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:53
2025-07-14
17:20
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.