Сокулукта 200 гектар жер боюнча коррупциялык схема аныкталды (видео)
Сокулук районундагы ири айыл чарба жерлеринин ээлери жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдары катышкан коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер тилкелердин ээлери ири өлчөмдө пайда табуу максатында айрым мамлекеттик бийлик органдарынын кызмат адамдарынын түздөн-түз көмөгү менен 2012-жылдан тартып жалпы аянты 200 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз жеке турак жай куруу багытына которттуруп, андан соң жарандарга сатуу боюнча мыйзамсыз аракеттерди жасашкандыгы аныкталган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жер ээлери бир эле жер тилкени бир нече адамга сатып, аларга кайра жерин же акчасын кайтарып бербей жүргөн фактылар да такталган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголгон.
Облустук милиция соттун чечими менен тинтүү иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи. Натыйжада көп сандаган документтер, тагыраагы, ишеним каттар, жер тилкелерине мыйзамсыз берилген мамлекеттик актылар, айыл чарба багытындагы жерлердин контурларынын мыйзамсыз схемалары, техникалык паспорттор, алып-сатуу келишимдери, жарандардын арыздары, тизмелер, топографиялык кагаздар, ошондой эле улуттук жана чет элдик валютадагы акча каражаттары, банктык карталар табылган.
Шектүү катары К.К., Ж.Н., Т.Т., О.А., К.А. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Учурда кылмыш иши боюнча баардык жагдайларды тактоо жана буга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
Чүй ОИИБ


