Кыргызстандык окуучулар Кытайда өткөн олимпиададан байгелүү кайтышты
Кыргызстандын математика боюнча курама командасы 18-июндан 12-июлга чейин Кытайдын Бээжин шаарында өткөн IMSC жайкы программасына катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Программага 33 өлкөдөн 206 окуучу катышты. Эки жума аралыгында окуучуларды дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген машыктыруучулар даярдашты. Олимпиаданын жыйынтыгында кыргызстандык 6 окуучу бир күмүш медаль, эки коло медаль жана эки Ардак грамота жеңип алышты.
Катышуучулардын жыйынтыктары:
1. Бобрус Ян – күмүш медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 9-классынын окуучусу
2. Эшперов Нурсултан – коло медаль, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу
3. Киргизбаев Назар – коло медаль, Бишкек шаарындагы №61 орто мектептин 11-классынын окуучусу
4. Капаров Нурдөөлөт – Ардак грамота, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу
5. Мусаходжаев Султан – Ардак грамота, Бишкек шаарындагы №70 орто мектептин 9-классынын окуучусу
6. Саят Арлан – катышуучу, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 7-классынын окуучусу
Команданын машыктыруучулары: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол, Челноков Григорий.
Бул иш-чаранын башкы максаты — быйыл Австралиянын Саншайн-Кост шаарында өтө турган математика боюнча эл аралык олимпиадага (IMO) даярдоо болуп саналат.
