АКШ Украинага JASSM канаттуу ракеталарын берүү маселесин карап жатат
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Украинага JASSM (Joint Air-to-Surface Standoff Missile) үлгүсүндөгү канаттуу ракеталарды берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат. Бул тууралуу Military Watch Magazine кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул ракеталар Украинага берилген F-16 учактарынын эскирген моделдерине да интеграцияланса болот. Бул учактардын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгонуна карабастан, алар JASSM ракеталарын Украинанын аймагындагы тапшырмаларды аткарууда натыйжалуу колдоно алышат.
2003-жылы АКШнын куралдуу күчтөрүнүн курамына киргизилген JASSM ракетасы байкалбай учуу өзгөчөлүгүнө, жогорку тактыктагы багыт алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ жана 450 килограммга чейинки согуштук бөлүктү ташый алат. Бул ракеталардын берилүүсү украин армиясынын сокку уруучу мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу түрдө күчөтүшү мүмкүн.
Буга чейин Трамп Орусияга байланыштуу маанилүү билдирүү жасай турганын айткан. Axios басылмасынын маалыматына караганда, бул билдирүү Киевге жаңы аскердик жардам пакетин берүү тууралуу болушу мүмкүн. Ал пакетке алыска учуучу ракеталар жана чабуулдук куралдар да кирет.

