Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов дүйнөдөн кайтты
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдрахманов Өмүрбек Абдрахманович 77 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Абдрахманов Өмүрбек Абдрахманович 1948-жылы Жалал-Абад облусунун Акман айылында туулган. 1969-1971-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин комсомол комитетинде катчынын орун басары болуп иштөөдөн баштаган. 1975-1980-жылдары Кыргыз ССРинин Ленин коммунисттик жаштар союзунун борбордук комитетинин студенттик отряддар штабынын командири, 1980-1987-жылдары Аламүдүн районундагы Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводунун парткомунун катчысы катары эмгектенген.
1987-жылдан 1989-жылга чейин Арашан айылдык кеңешинин төрагасы, 1991-жылдан тарта Чүй облустук кеңешинин башкармалыгынын начальниги, 1994-жылдан 2008-жылга чейин «Азат мебель» компаниясынын директору болгон. 2007-жылы март айында «Реформалар үчүн» кыймылынын координатору кызматын аркалаган. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
SUPER.KG порталы маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.


