super.kg logo
  Саясат  

Жапаров мамлекеттик башкаруу академиясынын модернизациялоо пландары менен таанышты

 

Бүгүн, 14-июлда президент Садыр Жапаров Президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын модернизациялоо пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Айгүл Калчакеева мамлекет башчыга академиянын учурдагы ишмердүүлүгү, жетишилген натыйжалар жана өнүктүрүүнүн негизги багыттары тууралуу маалымат берди. Атап айтканда, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле окутуунун заманбап ыкмаларын киргизүү жана окуу процессин санариптештирүү багытында ишке ашырылып жаткан билим берүү программалары тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары Калчакеева окуу жайдын окуу базасын чыңдоо, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана окуу процессине эксперттерди тартуу боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолуп, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат органдары үчүн адистерди даярдоонун комплекстүү системасын өнүктүрүү жана кадрдык резервди түзүүнүн туруктуу механизмин иштеп чыгуу пландары тууралуу айтты.

Жолугушуунун соңунда Жапаров академиянын карамагындагы пансионаттын инфраструктурасын жана шарттарын жакшыртуу маселелеринде мамлекет каржылык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: