"Реал Мадриддин" жылдызы карьерасын италиялык клубда улантат
Хорватиянын курама командасынын футболчусу Лука Модрич Италиянын «Милан» клубуна өттү. Бул тууралуу клубдун расмий сайты кабарлады.
39 жаштагы футболчу клуб менен бир жылдык келишимге кол койду, келишимди узартуу мүмкүнчүлүгү каралган.
22-майда Модрич мадриддик «Реал» клубун сезон бүткөндөн кийин расмий түрдө таштап кете турганын жарыялаган. Ал «Реал» курамында 590 оюн өткөрүп, 43 гол киргизип, 95 голдук пас берген. Ал убакыт ичинде төрт жолу Испания чемпиону, эки жолу өлкө кубогунун ээси, беш жолу Суперкубок жеңүүчүсү болгон. Модрич Лига чемпиондорунда алты жолу жеңишке жетип, беш жолу УЕФАнын Суперкубогун жана Клубдук дүйнө чемпиондугун уткан.
Хорватиянын курама командасынын катарында Модрич 2018-жылы Дүйнө чемпиондугунда күмүш, 2022-жылы коло медаль уткан. 2023-жылы Улуттар Лигасында күмүш байге алган.

