super.kg logo
  Саясат  

Ички иштер органдары жөнүндө мыйзамга өзгөртүү: "Баселкелик" деген сөз "айылдык" деген сөзгө алмаштырылды

 
Бүгүн, 11-январда президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 28-ноябрында кабыл алган.

Мыйзам “КРнын ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамдын айрым ченемдерин “КРнын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамына шайкеш келтирүүгө багытталган.  

Буга ылайык, “КРнын ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамынын 24-беренесиндеги  “жергиликтүү бюджет” деген сөз алынып салынат. Ошону менен ички иштер органдарын каржылоо борборлоштурулган тартипте өкмөт тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылары аныкталат.

Ушул эле мыйзамдын 25-беренесинде жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (жергиликтүү бийлик органдарынын ордуна) ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жана мекемелерине кызмат жайларын, ал эми инспекторлорго – тейлеген участокторунда иш жүргүзүш үчүн жабдылган жайларды, автоунаа, байланыш каражаттарын  берери аныкталат.

Андан тышкары 1-беренеге редакциялык мүнөздөгү түзөтүү  киргизилет, тактап айтканда “баселкелик” деген сөз “айылдык” деген сөз менен алмаштырылды.

Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: