super.kg logo

Ташкентте машинасына тирүү балыктар менен "тюнинг" жасаган айдоочу айыпка жыгылды (видео)

 

Өзбекстанда автоунаанын ээси тирүү балыктарды декоративдик элемент катары колдонгон. Бул өзгөчө «тюнинг» үчүн унаа ээси айыпка жыгылганын Экология министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Социалдык тармактарда тараган видеодо жарандын унаанын капотуна тунук коргоочу пленка жабыштырып, анын ичине суу куюп, тирүү балыктарды салганын көрүүгө болот. Бул көрүнүш социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан катуу сынга кабылган. Көпчүлүк колдонуучулар муну жаныбарларга карата ырайымсыз мамиле катары сыпатташкан.

Видеонун авторлору бул «жарнамалык акциянын» жана «креативдүү тюнингдин» бир бөлүгү экенин айтышкан. Бирок Экология министрлиги менен Ички иштер министрлиги текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузган адамдын өздүгүн такташкан. Ал Ташкенттин И.Н. аттуу тургуну экени аныкталган.

Натыйжада ага карата Административдик жоопкерчилик кодексинин 111-беренеси (Жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылуу) боюнча административдик протокол түзүлгөн. Унаа айдоочусуна 1 миллион 125 миң сум өлчөмүндө айып пул салынган.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: