АКШда карылар үйүндөгү өрттөн тогуз адам каза болду
АКШнын Массачусетс штатында карылар үйүнөн чыккан өрттөн кеминде 9 адам каза болуп, 30 киши жаракат алганын Associated Press маалымат агенттиги билдирди.
Өрт 2 күн мурун, тагыраагы, 13-июлда кечке жуук Фолл-Ривер шаарындагы Gabriel House карылар үйүндө чыккан. Тилсиз жоону чектөөгө алуу үчүн 50дөй өрт өчүрүүчү тартылган.
Агенттик белгилегендей, коюу түтүн жана жалын имараттын ичиндегилердин качып кетүүсүнө тоскоолдук жараткан. Жабыркагандардын көбү ооруканага жаткырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:19
2025-07-15
21:23
2025-07-15
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.