Кыргызстанда кайсы тармакта жумушчулар көп талап кылынууда?
Өлкөдө ушул жылдын 1-июлуна карата 7690 бош жумуш орун бар. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин маалыматында көрсөтүлөт.
Кызматтар боюнча – 2 408 бош орун бар, алардын арасында:
- Мугалимдер (мектепке чейинки жана орто, жогорку окуу жайлар) – 902;
- Саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, медайым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) – 806;
- Социалдык кызматкерлер – 23;
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар – 398;
- Юристтер – 5;
- Экономисттер – 210;
- Психологдор – 26;
- Инженер – 38;
Жумушчу кесиптер боюнча – 5282:
- Компьютердик адистер (оператор, программисттер)– 435;
- Айыл чарба тармагы – 159;
- Соода агенттери (кассир, азык-түлүк эмес сатуучулар) – 286;
- Тигүүчүлөр – 471;
- Курулуш тармагындагы кызматкерлер – 1 171 (механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч);
- Айдоочулар – 785;
- Кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер – 1 358 (чач тарач, тырмак жасоочу, официант, косметолог, кароолчу, мейман кызматчы, курьер, камкорчу, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу, жеткирүү кызматтары);
- Ар тараптуу жумушчулар – 617.
Бош орундарды региондор боюнча бөлүштүрүү:
- Бишкек шаары – 4595 бош орун катталган, анын – 3361 жумушчу орундар;
- Ош шаары – 780 бош орун катталган, анын – 573 жумушчу орундар;
- Баткен облусу – 600 бош орун катталган, анын – 362 жумушчу орундар;
- Жалал-Абад шаары – 168 бош орун катталган, анын – 75 жумушчу орундар;
- Ысык-Көл облусу – 539 бош орун катталган, анын – 335 жумушчу орундар;
- Нарын шаары – 230 бош орун катталган, анын – 124 жумушчу орундар;
- Ош облусу – 358 бош орун катталган, анын – 207 жумушчу орундар;
- Талас облусу – 144 бош орун катталган, анын – 19 жумушчу орундар;
- Чүй облусу – 276 бош орун катталган, анын – 226 жумушчу орундар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Birimdik5555

15.07.2025. 11:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздер ушинтип жаза бересиздер, социалдык иштер боюнча адисмин Ошто эч эле иш таппадым го. Калкты иш менен камсыз кылуу борборуна да бардым
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.