super.kg logo

Таласта кымбат жер тилкеси арзан сатылып кеткени аныкталып, эки адам кармалды

 

Таласта мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен 18 сотых жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жер 2015-жылы жеке менчикке өтүп кеткен. Ошол кездеги Талас шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары алдын ала макулдашып, муниципалдык жердин баасын атайын азайтып, 369 миң сомго мыйзамсыз сатып жиберишкен. Мындан улам мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген. Ошол учурда жер тилкесинин баасы 2 миллион 508 миң 700 сомго бааланган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы К.Т. жана О.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө аталган жердин азыркы наркы 6 миллион 865 миң 850 сом деп бааланган. Учурда кошумча тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: