Бир жарым жаштагы наристе 5-кабаттан кулап чарчап калды
Орусиянын Абакан шаарында наристе терезеден кулап каза болгон окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Тергөө комитети билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышты.
Каргашалуу окуя Абакан шаарындагы Ленин проспектинде болгон. 12-июль күнү 1,5 жаштагы наристе көп кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы терезеден кулап кеткен.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, ымыркай 12-июль күнү ата-энеси менен үйдө болгон. Бөлмөдөгү аял желдетүү үчүн терезени ачып, андан кийин бир нече мүнөткө ашканага кирген. Жалгыз калган наристе терезеге чыгып, торчого таянып, бешинчи кабаттан кулап түшкөн. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калууга аракет кылышкан, бирок наристе эртеси күнү каза болуп калган.
Белгилүү болгондой, бул үй-бүлө профилактикалык каттоого алынган эмес.
Бул факт боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 109-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Байкоосуздуктан адам өлүмүнө алып келүү) негизинде кылмыш иши козголду.
