super.kg logo

Ошто 394 эне “Баатыр эне” ордени, 205 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланышты

 
Бүгүн, 15-июль күнү президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ыйгарылган “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо аземи Ош облусунда салтанаттуу түрдө өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Сыйлык тапшыруу аземине өкүлдүн орун басары Талантбек Арстанкулов катышып, облус жетекчилигинин атынан көп балалуу энелерди куттуктады. Ал энелердин коомдогу орду, үй-бүлө тарбиясындагы зор эмгеги жана балдарды адеп-ахлакка, билимге, ыйманга тарбиялоодогу үлгүлүү салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Жалпысынан Ош облусу боюнча 394 эне “Баатыр эне” ордени, ал эми 205 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: