Президенттин тууганын айтып... "Памир-Строй" курулуш компаниясынын ээси кармалды
"Памир-Строй" курулуш компаниясынын ээси алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 2023-жылы көп кабаттуу турак жай комплексин куруу үчүн жер тилкеси бар К.К. аттуу жаран менен үлүштүк негизде куруу келишимин түзгөн. Бирок 2024-жылы мамлекеттик органдар тарабынан сот органдарына жер тилкесин мамлекетке кайтаруу жөнүндө доо арыз берилип, мындан улам К.К.га таандык турак жай аянтынын 10 пайыздык бөлүгү мамлекеттин балансына кайтарылган.
Түзүлгөн кырдаалдан пайда табууну көздөгөн компаниянын ээси маселени президентинин жакын тууганы аркылуу чечем деген шылтоо менен К.К.дан 500 миң доллар алган. Атайын кызмат факт такталып, шектүү камакка алынганын белгиледи.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
