Эртең Лев Толстой жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши жабылат
Эртең, 16-июлда саат 19:00дөн 17-июль күнү саат 08:00гө чейин Лев Толстой жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, жогорудагы көчөлөрдүн кесилиши жолду капиталдык оңдоо жумуштарына байланыштуу жабылат.
"Жол куруу жумуштарына байланыштуу жаралган ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөбүз жана күнүмдүк маршрутуңузду пландоодо жогорудагы өзгөрүүлөрдү эске алууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.