super.kg logo
  Спорт  

КФБ Ташиевдин словакиялык клубдун акцияларын сатып алгандыгы тууралуу маалыматты төгүндөдү

 

Камчыбек Ташиев Словакиянын «Тренчин» футбол клубунун акциясынын бир бөлүгүн сатып алган деген маалымат боюнча Кыргыз футбол биримдиги билдирүү жасады.

"Бул маалымат чындыкка таптакыр дал келбейт. Камчыбек Ташиев чет өлкөлүк да, жергиликтүү да эч бир футбол клубунун, анын ичинде «Тренчин» клубунун акционери эмес.

Кыргызстандын футбол союзу жана анын жетекчилиги эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча туруктуу иштерди жүргүзүп келет. Бул кызматташуунун негизги максаттары — инвестиция тартуу, чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуу жана квалификациялуу чет элдик адистерди жергиликтүү футболду өнүктүрүүгө тартуу.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда футболдун өсүү темпи эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууда. Бул жааттагы иштер оң бааланып, КФБны кыргыз футболун мындан ары дагы өнүктүрүүгө милдеттендирүүдө.

Бардык эл аралык кызматташтыктар, анын ичинде чет өлкөлүк футбол клубдары менен болгон мамилелер өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына негизделет", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Словакиянын «Тренчин» клубу менен расмий кызматташтыктын алкагында эки кыргызстандык футболчу аталган клубда машыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушса, Кыргыз футбол бирлигинен бир машыктыруучу учурда билим алууда. Мындан сырткары кыргызстандык машыктыруучулар үчүн квалификацияны жогорулатуу максатында мындай тажрыйбаларды туруктуу жүргүзүү пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: