super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: “Мамлекеттик бажы кызматы 2013-жылы 36,9 миллиард сом чогултту”

 
Бүгүн, 14-январда бажы кызматын реформалоо жана моденизациялоону ишке ашыруу боюнча байкоочу кеңештин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Мамлекеттик бажы кызматы 2013-жылы 36,9 миллиард сом чогултту. Биздин максат – кадамдарды аныктап, келечекке план түзүү” деп билдирди.
 
Аталган мекеме 2010-жылы 15 миллиард 886 миллион сом, 2011-жылы – 23 миллиард 922 миллион сом (49 пайызга көп), 2012-жылы – 30 миллиард сом (27 пайызга өсүү) чогулткан. 
“2010-2013-жылдары 15,5 миллиард сом менен баштаганбыз. Азыр бул көрсөткүч 37 миллиард сомго жетти. 3 жыл аралыгындагы өсүш 230 пайызга барабар жана 2 эсеге көп. Бул ресурс бюджетке которулду”,- деди ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: