Франция 2026-жылдан баштап эң бай жарандарына салыкты күчөтөт
Франция 2026-жылы эң бай жарандарынын салыгын көтөрөт. Бул тууралуу Франциянын премьер-министри Франсуа Байру билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, өкмөт “аз тапкандар азыраак, көп тапкандар көбүрөөк төлөйт” деген принцип менен иш жүргүзөт. Кабинет «эң жогорку кирешелүү адамдар үчүн атайын салык» киргизүүнү пландап жатат.
Байру кошумчалагандай, пенсиялар жана башка социалдык төлөмдөр 2025-жылга салыштырмалуу көбөйтүлбөйт жана инфляцияга жараша индексацияланбайт.
Буга чейин апрель айында Франциянын финансы министри Эрик Ломбар калктын эң бай катмарына салыктарды жогорулатуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:38
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.