Бишкек мэриясынын муниципалдык ишканасы шаарга алгачкы ирет өзү жол чырак орнотту (видео)
Бүгүн, 15-июлда Бишкек мэриясынын алдындагы "Жол-транспорттук инфратүзүм" муниципалдык ишканасы алгачкы ирет өзү шаарга жол чырак орнотту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Пилоттук долбоордун алкагында жол чырак акыркы учурларда унаа кыймылы кескин көбөйгөн Элмирбек Иманалиев менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишине (Ак-Ордо-3 конушу) коюлду.
Кошумчалай кетсек, буга чейин жол чырактарды орнотуу тендер аркылуу жүргүзүлүп, аны жеке компаниялар 1 миллион сомдон ашык каражатка орнотчу.
Ал эми бул жол чыракты калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен "ЖТИ" МИ ишканасы эки эсе арзан, тагыраагы 500 миң сом гана каражат сарптады. Учурда жол чырак штаттык режимде иштеп жатат.
Ошондой эле алдыда "ЖТИ" МИ шаардагы Чыңгыз Айтматов проспектисинин бир нече кесилишине чыгымды үнөмдөө менен заман талабына ылайык жол чырактарды орнотуууну пландаштырууда.
видео
