Чүйдө 14 жаштагы өспүрүм велосипед тээп кеткен боюнча дайынсыз болууда
Жайыл районунда 14 жаштагы Даниэль Молдалиев аттуу өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-июлда милицияга 66 жаштагы жаран кайрылып, небереси кечээ күнү болжол менен саат 20:30 чамасында Сары-Булак айылындагы Кожомбердиев көчөсүндө ойноп жүрүп, велосипед тээп белгисиз тарапка кеткен боюнча кайтып келбегенин айткан. Факт каттоого алынып, учурда издөө иштери жүрүп жатат.
Облустук милиция өспүрүм психикалык жана сүйлөө жөндөмүнүн өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар болгондуктан адистердин көзөмөлүндө турарын белгиледи.
Белгилери: бою болжол менен 177 сантиметр, арык денелүү, чачы кыска, күрөң түстө, көзү күрөң.
Кийген кийими: сары футболка, ар түрдүү жазуулар түшүрүлгөн ачык-сары түстөгү шорты, жашыл байпак, ак шлёпанцы.
Чүй милициясы өспүрүмдү көргөн жарандар болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: (0312) 22-15-58, (0551) 59-40-44.

