Президенттин иш башкаруучусунун атын жамынып, алдамчылык кылууга шектелген жаран кармалды





Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык кылган деген шек менен 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү Туманбаев менен жакшы мамиледе экендигин айтып, "Көчмөн сити" турак-жай комплексинин 18 кварталынын курулушунун подряддык жумуштарына уруксат берүүнү убада кылып, жабырлануучудан 100 миң доллар алган.
Атайын кызмат анын кеңсесин текшерүү учурунда 60 миң доллар жасалма акчалар, ошондой эле Туманбаевге жазылган жасалма жазуу түрүндөгү кайрылуулар табылганын белгиледи. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда. УКМК мында кошумча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (Акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча да иш каралып жатканын кошумчалады.

