super.kg logo
  Саясат  

Аида Салянованы сүзгөн лыжачы андан жана анын туугандарынан кечирим сурады

 

12-январда Орловка лыжа базасында башкы прокурор Аида Салянова менен сүзүшүп кеткен лыжачы Андрей Ли маалымат каражаттарынын бирине маек берди.

Анын айтымында, ал тез ылдамдыкта өйдөдөн ылдый лыжа тээп келе жатып Аида Салянованы көрбөй сүзүп алыптыр. Көрбөй калгандыгынын себеби окуя болгон тоонун бетинде дөңдүн болгондугу. Лыжачы ошол дөңдөн секирип өткөндө баш прокурор менен сүзүшүп кеткен.

“Мен кагышуудан кийин айымды тургузуп жардам берүүнү сунуштадым. Башында анын ким экендигин билбептирмин. Дарылоонун каражатын өз мойнума аларымды ошол жерден айттым”,- деп Андрей Ли түшүндүрдү жана ага эч кандай кысым болбогонун кошумчалады.

“Мени СИЗОго отургузуп койду деген ушактарды интернеттен окуп, журналисттерге кайрылдым. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Аида Саляновадан жана анын туугандарынан кечирим сурайм”,- деди лыжачы.

Белгилей кетсек, Андрей Ли курулуш фирманын башчысы болуп иштейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: