"Оо-о, буларды карачы". Директордун менеджер менен кучакташып турган видеосу талкууда (видео)

Интернет желесинде Astronomer IT компаниясынын башкы директору Энди Байрондун компаниянын HR менеджери Кристин Каботту кучактап турганы тартылган видео тароодо.
Окуя Coldplay тобунун АКШнын Бостондогу Жиллет стадионундагы концертинде болгон. Анда аталган топтун солисти Крис Мартин видеокамера тарабынан тартылып жаткан кадрга көңүл бурган.
"Оо-о, буларды карачы",- деген музыкант. Бирок видеого түшүп жатканын байкаган алар өздөрүн алып качышкан. Байрон шеригин кучактаганын токтотуп, жашынууга аракет кылса, ал эми аял уялганынан колу менен бетин жаап, артты караган.
"Ооба... же алардын мамилеси бар, же алар абдан уялчаак",- деп кошумчалаган Coldplay тобунун ырчысы тамаша менен.
Маалыматтарга караганда, Энди Байрон үй-бүлөлүү жана эки баласы бар.
Анын катышуусундагы видео интернет желесинин колдонуучулары тарабынан кызуу талкуланып, Байронду жубайы менен эки баласы үйдө отурганда концертте Кристин Каботту менен кучакташып жүргөнүн айыпташууда. Аталган видео социалдык тармактарга тарары менен 9 сааттын ичинде 15 миллион көрүүнү чогулткан.
Концертке 66 миң адам келген.
18.07
18.07

