super.kg logo
  Саясат  

16-январда Жогорку Сот депутат Ахматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын карайт

 

Жогорку Сот депутат Ахматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын карайт. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка караганда, 16-январда камактагы депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызы каралат. 

Эскерте кетсек, Ахматбек Келдибеков коррупция боюнча айыпталып, 2013-жылдын 20-ноябрында камакка алынган. Аны 22-ноябрь күнү Октябрь райондук соту 2 айга УКМКнын абагына камоо тууралуу чечимин чыгарган. Бирок депутаттын тарапташтары Октябрь райондук соту чыгарган чечимди жокко чыгаруу максатында Бишкек шаардык сотуна кайрылуу жасашкан. Алар Ахматбек Келдибековду УКМКнын абагынан чыгарып, үй камагына алуусун өтүнүшкөн. Бишкек шаардык соту Ахматбек Келдибековдун ишин карап чыгып, анын баш коргоо чарасын өзгөртпөө тууралуу чечимин кабыл алган. Өкүмгө ылайык Ахматбек Келдибеков 2014-жылдын 19-январына чейин УКМКнын СИЗОсунда отурат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: