super.kg logo

Өлкөгө чет элдиктерди киргизип келген... Бишкекте чет өлкөлүк жаран кармалды

 

Бишкекте милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган делип чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, бир ай мурун, тагыраагы, 18-июнда милицияга Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн тигүү цехине иштей турган чет өлкөлүк жумушчулардын документтерин тапшырып, бирок аларды алып келбей жүргөн З.А. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган.

Суракта З.А. 36 жаштагы Х.М. аттуу чет элдик жаран мыйзамсыз жолдор менен чет өлкөлүктөрдү Кыргызстанга алып келип, тигүү цехтерине, курулуш объекттине, ар түрдүү ишканаларга ишке орноштуруп жүргөнүн айткан. Алар өлкө аймагына болжол менен 50дөй чет өлкөлүктү мыйзамсыз ишке орноштуруп, кызматы үчүн алардан 1500 доллардан акы алышкан. Жалпы 75 миң доллардай пайда көрүшкөн.

Ал эми шектүү Х.М. мыйзам жоопкерчилигинен качуу үчүн милиция кызматкерине 70 миң сом пара сунуштаган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Кызмат адамына пара берүү) менен кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда бул кылмыштуу схеманын бардык катышуучуларын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: