super.kg logo
  Саясат  

Улуттук банк жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

 

Президент Садыр Жапаров "Улуттук банкы жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Конституциялык мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 19-июнда кабыл алынган.

Бул конституциялык мыйзамдын максаты банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мыйзам ченемдерин өркүндөтүү жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу болуп саналат.

Конституциялык мыйзам менен Улуттук банк финансылык ортомчу кызматын түзөрү, финансылык ортомчу кызматынын укуктук статусун, иштөө, түзүлүү жана мамлекеттик жана башка органдар менен өз ара аракеттенүү тартибин аныктай турганы, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн жана аларды керектөөчүлөрдүн ортосундагы талаш-тартыштарды соттон тышкары кароо тартибин аныктай турганы, ошондой эле финансылык ортомчу кызматын күтүүгө карата финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн төгүмдөрүн бекитери тууралуу функциясы күчүн жоготтуу деп таанылат (бул ченем 2025-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирген).

Азыркы күндө Улуттук банкынын функционалы жана ыйгарым укуктары керектөөчүлөрдөн түшкөн кайрылуулар боюнча ортомчунун функцияларын аткарууга мүмкүндүк берет жана рыноктун катышуучуларынын эсебинен кайталанма органды түзүүнүн зарылдыгы жок.

Мындан тышкары, талаш маселелерди соттон тышкары кароонун алкагында коммерциялык медиаторлор ийгиликтүү иш алып барып жатат жана Финансылык ортомчу кызматына жумшалуучу чыгашалар экономикалык жактан өзүн актабайт.

Маалымат катары белгилей кетсек, 2024-жылдын 19-мартында "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам күчүнө кирген, ага ылайык проблемалуу зайымчылардын кайрылууларын кароо функциясы Депозиттерди коргоо боюнча агенттикке жүктөлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: