super.kg logo

Аскердеги өлүм: Жоокердин үй-бүлөсү чындыкты талап кылууда

 


Жалал-Абадда ЖАМКнын Күзөт жана коштоо департаментинде аскердик милдетин өтөп жаткан жоокери өз жанын кыйганын 16-июлда аталган мекемеден билдиришкен.

Көп өтпөй Акыйкатчы институту ал аскер бөлүктө мониторинг жүргүзүлгөнүн билдирген.

Маалым болгондой, №5 аскер бөлүгү Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында жайгашкан. Анда 30 аскер кызматкери жана 90 жоокер кызмат өтөйт.
Аскер бөлүктүн маалыматына ылайык, 16-июль саат 5:30да 20 жаштагы жоокер асынып турган абалда командирдин кабинетинен табылган. Ал өзүнүн куру менен жылытуу системасынын түтүгүнө асынып алган. Ал түнү маркум прапорщик И.Ж.А. менен бирге нөөмөттө болгон.
Чогуу кызмат өтөгөн жоокерлердин айтымында, алар шашки ойноп, андан кийин маркум жоокер газондорго коюлуп жаткан сууну текшерүүгө кеткен. Жарым сааттан кийин аны асынып турган абалда табышкан. Маркум кат калтырып кеткен. Бирок Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыктан, катта эмне жазылганы боюнча маалымат бериле элек.
Батальондун командири А.Д.У.нун айтымында, маркум катында аны менен чогуу кызмат өтөгөн жоокер тарабынан психологиялык кысымга кабылганын жазган. Маркум ушул жылдын 21-апрелинен баштап кызмат өтөгөн. Батальондун командиринин маалыматында, жоокер аскер бөлүгүнө түшкөндө психолог ага көз салып турууну сунуштаган. Андыктан командир аны радист кылып дайындап, өзүнүн кабылдамасына отургузган.
Аскер бөлүгүндөгү жоокерлердин пикиринде, жоокер үч айлык кызматынын ичинде тынч жүрүп, эч ким менен чатакташкан эмес, аз сүйлөп, физикалык жактан чың болчу. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
SUPER.KG порталы Нарын облусунун Кочкор районуна барып, маркум жоокердин үй-бүлөсү менен жолугуп, жакындарынын оюн укту.

Видеону төмөндөгү шилтеме аркылуу көрүүгө болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: