Ысык-Ата районунда масштабдуу ишембилик өткөрүлдү (фото)







Бүгүн, 19-июлда Ысык-Ата районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, айыл аймактардагы муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринин катышуусунда райондук масштабдуу ишембилик өткөрүлдү.
Ишембиликте райондогу ички жолдордун жээктерин, социалдык объектилердин айланасын, айланып өтүүчү жолдун жээктерине тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Муниципалдык кызматтар тарабынан таштандылар өз убагында чыгарылып, тазалоо иштерин жыйынтыкташты.
"Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы ишембиликке катышкан бардык жарандарга, кызматкерлерге терең ыраазычылык билдирет жана Ысык-Ата районунун тургундарына жана конокторуна тазалыкты сактоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.